• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Альтернативдик кызмат өтөгөндөр канча акча төлөшөт?

7 Жалган куран 2023 12:04 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жазгы аскерге чакырууга болжол менен 2 миңге чукул жаранды чакыруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Чакыруу башкармалыгынын башчысы Сардарбек Каипов билдирди.

Анын айтымында, азырынча альтернативдик кызмат өтөө үчүн төлөмдөр көтөрүлгөн жок.

«Аскерге 18 жаштан 25 жашка чейинки жарандар чакырылат. Эң негизгиси, ден соолугу жана үй-бүлөлүк шарты боюнча туура келиши шарт. Ал эми альтернативдүү аскердик кызматка үй-бүлөлүк шарттары милдеттүү аскердик кызматка туура келбегендер алынат. Аларга жалгыз бой атанын же эненин баласы болсо, жубайы, балдары барлар кирет. Үй-бүлөлүк шарт менен альтернативдүү кызмат өтөгөндөр 18 миң сом, өз каалоосу менен калып, коомдук иштерди аткарам дегендер 25 миң сом төлөйт», — деди Каипов.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңеште альтернативдик кызмат өтөөгө төлөмдү көтөрүү сунушу киргизилмп, мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев демилгелеген.

Буга байланыштуу төлөмдү көбөйтүү боюнча төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:

  • үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча альтернативдик кызматка чакырылган жарандар үчүн 50 миң сом (азыр 18 миң сом) өлчөмүндө;
  • диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, катталган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандар, ошондой эле коомдук пайдалуу жумуш аткарууну каалоосун билдирген жарандар үчүн 100 миң сом (учурда 25 миң сом) өлчөмүндө;
  • 22 жашка чыккан, аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечими менен чакыруу мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга жана андан бошотууга ээ болбогон жарандар, аларга карата алгачкы текшерүү органдары, тергөөчү, прокурор же болбосо сот тарабынан аскер кызматына чакыруу иш-чараларынан качкандыгы үчүн жорук жөнүндө иши боюнча чечим кабыл алынган учурда 300 миң сом (азыр 50 миң сом) өлчөмүндө каражат төлөө каралган.
Количество просмотров: 135