• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Баткенде чек ара кызматкери каза болду

22 Бирдин айы 2023 9:23 Бишкек Govori.TV

Баткендеги чек ара отрядында аскер кызматкери кокусунан атылган октон каза болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Алдын ала маалымат боюнча, чек ара постундагы нөөмөт учурунда Чек ара кызматынын 26 жаштагы З.Ж. аттуу аскери АК-74 автоматынан кокусунан ок чыгарган. Ок 21 жаштагы У.Б. аттуу аскер кызматкеринин мойнуна тийген.

«Медициналык жардам көрсөтүлүп, Баткен облустук бириккен ооруканасына жеткирилген. Бирок жараатынан улам каза болуп калган»,-деп жазылат маалыматта.

Бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилди. Окуя болгон жерге Аскер прокуратурасынын Баткен гарнизонунун өкүлдөрү жөнөп кеткен.

Количество просмотров: 351