• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Алтуха» үй камагына чыгарылды

16 Үчтүн айы 2021 11:50 Бишкек Govori.TV

«Алтуха» каймана ысымы менен таанымал кримтөбөл Алтынбек Ибраимов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «АКИпресс» маалымат агенттиги күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып жазды.

Маалым болгондой, бүгүн, 16-январда аталган кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралып, аны үй камагына чыгаруу чечими кабыл алынган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ал эки айга үй түрмөдө кармалат.

Белгилей кетсек, Алтынбек Ибраимов Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренеси менен ушул жылдын 13-январында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан кармалып, убактылуу тергөө жайына киргизилген болчу.

Количество просмотров: 304