• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Алтыбаева: Иса Өмүркуловдун партиядан четтетилиши күтүүсүз болду

1 Жетинин айы 2018 11:55 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01.10.2018. Govori.TV.
Иса Өмүркуловдун партиядан чыгарылышы мен үчүн күтүүсүздөн болгонун ЖК депутаты Айнуру Алтыбаева билдирди.
«Бул тууралуу эрте менен эле ЖМК лар аркылуу кабардар болдум. Азырынча эч нерсе айталбайм. Анткени мен саясий кеңештин отуруму болгондугунан кабарым жок. Мүчөлөрү менен дагы жолуга элекмин. Бары менен кенен таанышкан соң так пикиримди билдирем. Бирок. КСДПда тиреш жүрүп жатат»,- деди Алтыбаева.

Эске салсак, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган. Бул тууралуу партиянын катчылыгы билдирген.

Количество просмотров: 42