• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Алтынбек Сулайманов, депутат:“ТЭЦ боюнча аудитти күтүп отурбай эле, камачуларды камаш керек…” (видео)

16 Бугу 2018 10:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 16.05.2018. Govori.TV

“ТЭЦтин модернизациясы боюнча эл аралык аудитке акчабыз да, убактыбыз да жок, күнөөкөрлөрдү бүгүнтөн баштап камашыбыз керек!”. Бул сөздү парламенттеги жалпы жыйында депутат Алтынбек Сулайманов айтты.

Анын пикиринде, Сапар Исаковдун бул маселе боюнча эл аралык аудит жалдап отуруу, модернизацияны “мойсогондор” үчүн гана ыңгайлуу.

“Укук коргоо органдары бүгүнтөн баштап,  депутаттык комиссиянын жыйынтыгы менен күнөөкөрлөрдү кармап, камап, ишти териштирип башташы керек. Эл аралык аудит жалдоо паралелльно жүрө берсин. Бирок, ал коррупционерлерге,  386 млн. доллар үчүн жооп берчүлөрдүн гана пайдасына иштейт. Биз аны күтүп отурбашыбыз керек”,-дейт ал.

Эске сала кетсек, парламентте ТЭЦтин авариясы менен модернизациясын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланууда.

Количество просмотров: 18