• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Алтынбек Жунус уулу, ЖК депутаты: “Сапар Исаков, Сиз кытайлардын “крышасы” болчусуз!”

17 Бугу 2018 12:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.05.2018. Govori.TV

“Сиз, Сапар Жумакадыров, Кыргызстанга келген кытайлардын “крышасы” болчусуз!” Бул сөздү  Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча парламенттеги жыйында депутат Алтынбек Жунус уулу  айтты.  Анын белгилешинче, ТЭЦти модернизациялоо боюнча Сапар Исаков иштин башында турган жана ал тышкы саясат бөлүмүн башкарып турган маалда инвесторлор алгач ага жолугушчу.

“Ошол кезде өкмөт башчынын кабылдамасына караганда сиздин кабылдамаңызча көп киши кезек күтүп отурчу. Анткени, сиз баарын чечип келгенсиз, сизден кийин анан алар тиешелүү жактарга барышчу. Мисалы, Сиз өкмөт башчы болуп турганда ТЭЦ авария болду, эл суукка тоңду, чоң коллапс болду. А Сиз долбоордун чала бүткөнү, химиялык суу тазалоочу цехтин курулбай калганы үчүн эмнеге ТБЕАны сотко бергени жоксуз?!”,-деди ал.

Эске сала кетсек, бүгүнү үчүнчү күнү парламент ТЭЦтеги авария жана модернизацияга кеткен 386 млн. доллар боюнча депкомиссиянын корутундусун талкуулап жатышат.

 

 

 

Количество просмотров: 13