• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Алтын куймаларын контрабандалык жол менен алып өтүү боюнча туруктуу канал бөгөттөлдү

14 Жетинин айы 2023 15:31 Бишкек Govori.TV

Контрабандалык 999,9 үлгүдөгү алтын эритмесинин 51кг 866 грамм салмактагы алтын куймалары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, коррупциялык схемаларды жоюу, контрабандага жана көмүскө каражаттарды адалдоого багытталган трансулуттук кылмыштуу топторду аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө “Манас” эл аралык аэропорту аркылуу алтын куймаларын системалуу түрдө контрабандалык жол менен алып өтүү фактылары боюнча маалымат алынган.

Алынган маалыматтарга ылайык, чет элдик жеке ишкерлер материалдык байлыктарды мыйзамсыз алуу, алтын куймаларын кайра сатуу максатында контрабандалык жол менен алып өтүү боюнча туруктуу канал уюштурушкан.

Тактап айтканда, УКМК тарабынан “Манас” бажысы менен биргеликте 999,9 үлгүдөгү алтын эритмесинин 51 кг 866 грамм салмактагы алтын куймалары кармалды.

Жогорудагы фактынын негизинде чет мамлекеттин 1 жараны кармалды.

Количество просмотров: 177