• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жапаров алтын куймаларын саткан дүкөнгө барды

10 Тогуздун айы 2024 14:09 Бишкек Govori.TV

Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда, “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун өлчөнгөн алтын куймаларын саткан фирмалык дүкөнүнө барды.

Мамлекет башчысына дүкөндүн расмий ачылышы үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында болгондугу жөнүндө маалымат берилди. Алтын куймаларын сатуунун көлөмү 50 миллион сомду түзсө, компаниянын таза кирешеси 3 миллион сомду түздү.

Азыркы учурда өлчөнгөн куймаларды бардык каалоочулар, анын ичинде башка мамлекеттердин жарандары фирмалык дүкөндөн сатып ала алышат.

Садыр Жапаров “Кыргызалтын” ААКнын продукциясын сатып алууда эч кандай чектөө болбошу керектигин, анткени өлкөдө өндүрүлгөн алтын акыры эл аралык биржаларда сатылып, анда баалар фирмалык дүкөндөн төмөн болушу мүмкүн экенин баса белгиледи.

Садыр Жапаровдун алтынга салынган инвестициянын кирешелүүлүгү тууралуу суроосуна “Кыргызалтын” ААК Башкармалыгынын Төрагасы Кубат Абдраимов эки жыл мурун бир килограмм алтын сатып алгандар азыркы базар баасын эске алганда, бүгүн 34 миң АКШ доллар киреше менен сата аларын билдирди.

Президент Садыр Жапаров атамекендик алтын куймаларын сатып алуу каражат салуунун ишенимдүү жана кирешелүү жолу экенин белгилеп өттү. Ал өлкөнүн колунда бар, бай жарандарын аманаттарын алтынга салууга үндөдү, анткени анын наркы жыл сайын өсүп жатат.

Количество просмотров: 135