• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

УКМК алтын куймалары тартылган видео боюнча жооп берди

8 Бугу 2024 10:19 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети интернетте тараган «Кыргызстандан алтын куймалары чыгарылып жатат» деген видео боюнча комментарий берди.

Атайын кызмат бул видеону чагымчыл деп атап, видеотасманы даярдоого республиканын чегинен тышкары жүргөн, аларга карата мурда оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгон айрым жарандар тартылганын билдирди.

«УКМК азыркы учурда деструктивдүү күчтөр социалдык тармактарда жалган маалыматтарды таратууга багытталган максаттуу маалыматтык иштерди жүргүзүп жатканын, анын максаты Кыргыз Республикасында жетекчиликти каралоо жана коомдук саясий терс пикирди жаратуу экенин белгилейт. Деструктивдүү күчтөрдүн мындай аракеттери республиканын стабилдүүлүгүнө жана прогрессивдүү өнүгүүсүнө потенциалдуу коркунуч туудурат, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтириши мүмкүн» , — деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат алтын тууралуу жарыяланган маалымат чындыкка дал келбей турганын, интернет колдонуучуларды бул факты боюнча чагымчыл сөздөрдү таратпоого чакырат.

Количество просмотров: 130