• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Алтын сертификат алган Атай Мырзакулов Гонконгтон билим алууну чечти

10 Теке 201913:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.07.2019.Govori.TV.

Бишкектеги «Илим» мектебинин бүтүрүүчүсу Атай Мырзакулов жалпы республикалык тестирлөөдөн 221 балл алып, алтын сетификатка ээ болуп, Президент Сооронбай Жээнбековдун колунан алган.

Мырзакулов журналисттер менен болгон маегинде жалпы тестирлөөдө жогорку баа алыш үчүн 11 жыл жакшы, талыкпай окуу керектигин айткан жайы бар.

Мектеп окуп журуп эле ал келечекте экономика жана финансы багыты боюнча билим алууну ниет кылган. Эми ал, Кытайдын Гонконгтогу окуу жайга өз күчү менен тапшырып, ал ийгиликтүү болду.

Количество просмотров: 82