• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Алтынай Өмүрбекова «Адам сатууга каршы 100 күн» компаниясынын жыйынтыгын чыгарды

28 Үчтүн айы 2019 17:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.01.2019. Govori.TV

Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова калкка адам сатуу маселелери жөнүндө маалымдоону арттырууга багытталган маалыматтык компаниянын жыйынтыктарын чыгаруу боюнча жыйынтык конференцияга катышты.

Алтынай Өмүрбекова эскерткендей, «Адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө» Мыйзамга ылайык, 2017-жылдын ноябрында Өкмөт тарабынан 2017-2020-жылдарга карата адам сатууга каршы күрөшүү боюнча Программа жана аны ишке ашыруу чараларынын планы бекитилген.

«Көрсөтүлгөн программанын алкагында коюлган милдеттерге жетишүү жана талкуулоо үчүн биз ушул сыяктуу аянтчаларды өткөрүп турууга тийишпиз. 2017-2018-жылдары Кыргызстанда адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөш боюнча аймактык координациялык кеңештер түзүлгөн жана иштеп жатышат», – деди вице-премьер-министр.

Ал белгилегендей, 2018-жылдын 10-сентябрынан 10-декабрына чейин республиканын 7 облусунда жана Ош шаарында «Адам сатууга каршы 100 күн» маалыматтык кампаниясы өткөрүлгөн.

«Кампания 2017-жылы башталып, өз демилгесин уланткан. Бүгүнкү эл аралык конференция «Адам сатууга каршы 100 күн» кампаниясынын финалдык иш-чарасы болуп саналат. Жаштар арасында маалыматтарды жайылтууда жаш улан-кыздардын катышуусун белгилеп кетүү керек», – деп ырастады Алтынай Өмүрбекова.

Количество просмотров: 38