• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ооганстан вице-президенти өзүн мамлекет башчынын милдетин аткаруучу деп жарыялады

18 Баш оона 2021 9:56 Бишкек Govori.TV

Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салех президент Ашрафа Гани качып кеткенден кийин өзүн мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу катары жарыялап, элди талибдерге каршы турууга чакырды. Бул тууралуу ал “Твиттердеги” баракчасына жазды.

“Ооганстандын Конституциясына ылайык, президент жок учурда, качканда, отставкага кеткенде же өлгөндө биринчи вице-президент анын милдетин аткарат. Мен Ооганстандамын жана легитимдүү түрдө бул милдеттерди аткарам”, – деген ал.

Амрулла Салех кандай гана жагдай болбосун эч качан талибдерге баш ийбей турганын да белгилеген.

“Мен эч качан, мени уккан миллиондогон кишилерди иренжитпейм. Мен эч качан “Талибан” менен бир чатыр алдында болбойм. Эч качан”,– деп жазган вице-президент.

«Талибан» кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялашкан. Мамлекет башчысы Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен. Азыр анын кайда экени белгисиз.

Количество просмотров: 916