• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Алтынай Өмүрбекова жаңы кызматка дайындалды

5 Тогуздун айы 2021 14:15 Бишкек Govori.TV

Алтынай Өмүрбекова Евразия экономикалык комиссиясынын эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин расмий сайтында маалымдалат.

Алтынай Өмүрбекова 1973-жылы Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых жана юридика факультеттерин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1997-1998 — «Эридан-маркет» ЖЧКсынын жабдуу боюнча менеджери
  • 1998-2000 — «Эридан-маркет» ЖЧКсынын сатуу боюнча менеджери
  • 2000-2003 — «Урмат Интер» ЖЧКсынын директору
  • 2005-2008 — «Туртрест» ЖЧКсынын директору
  • 2009-2010 — Аламүдүн районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо башкармалыгында юрист
  • 2010-жыл, 10-ноябрь — V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты
  • 2010-жыл, 23-декабрь – Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция комитетинин төрагасынын орун басары
  • 2011-жыл, 8-июль — өз ыктыяры менен мандаттан баш тарткан
  • 2011-жыл, июль айы — Бишкек шаарынын Ленин районунун акими
  • 2013-жыл — Бишкек шаарынын Свердлов районунун администрация башчысынын милдетин аткаруучу
  • 2015-жылы «Республика Ата-Журт» партиясы менен парламенттик шайлоого келип, депутат болгон
  • 20.04.2018 — КР вице-премьер-министри.
Количество просмотров: 5618