• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жумаев жаңы кызматка дайындалды. Тойдо уулангандардын саны жүздөн ашты

3 Баш оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖОЛ КЫРСЫГЫ 2 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛДЫ
Балыкчы–Ананьево–Каракол унаа жолунун 24-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter жана Mitsubishi үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, кырсык бүгүн, 3-августта саат 07:40та болгон.
Кырсык болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. «Жалпы 23 адам кырсыкка учурап, үчөө Балыкчы шаарынын оруканасына жеткирилген. Ал эми эки жүргүнчү жеринде каза болгон, алардын сөөгү милиция кызматкерлери өткөрүп берилген», — деп айтылат маалыматта.

УУЛАНГАНДАРДЫН САНЫ ӨСТҮ
Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы тойдо уулангандардын саны 2-августка карата 108 адамга жетти. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23ү ооруканага жаткырылган, анын ичинен экөө жаш балдар. Ал эми 85 адам амбулатордук дарыланууда, бирөө кичинекей бала.
«Уулангандардын абалы канааттандырарлык, реанимациялык блокко жаткырылган эки баланын абалы жакшырып, инфекциялык бөлүмгө өткөрүлдү», — деп айтылат маалыматта.

АЛТЫНБЕК ЖУМАЕВ ЖАҢЫ КЫЗМАТКА ДАЙЫНДАЛДЫ
Алтынбек Жумаев Президенттик админстрациянын Маалыматтык саясат кызматынын башчылыгынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 3-августта кол койду.
Мамлекет башчысынын ушул күнкү дагы бир жарлыгы менен Жумаев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.
Алтынбек Жумаев аталган кызматты жетектөөгө 2021-жылдын 28-декабрында дайындалган. Ага чейин «7-канал» телеканалын башкарган.
Ал эми КР Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп Дайырбек Орунбеков дайындалды.

Количество просмотров: 499