• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Алтынбек Сулайманов: «Губернатор, акимдер — жатып ичерлер. Буларды тез аранын ичинде жоюш керек!»(видео)

4 Тогуздун айы 201818:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.10.2018. Govori.TV
«Губернатор, акимдер — жатып ичерлер. Аларды жоюш керек! Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов   парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып билдирди.
«Аймактарды  өнүктүрүү үчүн  губернаторлорду, өкмөттүн ыйгарым өкүлдөрүн жана акимдердин баардыгын жоюш керек. 30 жылдын ичинде булар  мамлекетти алдыга жылдыргандын ордуна тескерисинче артка тартып келе жатышат. Алар  эмне кылышат? Алардын баардыгын чөнтөгүндө лента кыркканга кайчысы бар, жогорку кызматтагы аткаминерлерди тосуп алып, кайра узатат, шайлоолордо бийликтин саясатын жүргүзөт.  Элге каршы иштешип,бюджетке зыян келтирет. Буларды  тез аранын ичинде  жоюп таркатыш керек!, булар жатып ичерлер», — деди депутат.

 

Количество просмотров: 16