• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Алтынбек Сулайманов: «Өкмөттү жаман десек, жакшысын эч ким бербейт»

12 Чын куран 201912:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.04.2019.Govori.TV.

«Бир Бол» фракциянын лидери Алтынбек Сулайманов өкмөт башчынын баяндамасы тууралуу өз оюн билдирип, мындай деди:

«Өкмөттү жаман иштеди десек, жакшысын эч ким бербейт. Бул өкмөт салыштырмалуу жакшы эле иштеп жатат. Буга чейин 30 премьер-министр алмашты. Алардын барын жаман иштеди дегенге болбойт. Негизи бизде премьерлик маршрут башкачабы?,»-деп суроо салды.

Мындан сырткары эл өкүлү учурда өлкөдө эң актуалдуу маселелер кайсылар экендигине кызыкты.

Ошондой эле премьер-министрдин бир жыл ичинде «эми маселени түшүндүм»,- дегенин сындады.

«Эгер эми маселени түшүнүп жатсаңыз, жумуш качан аткарылат?»-деп кейиди.

Количество просмотров: 14