Улуттук энергохолдинг жылуулук берүүгө даяр экенин айтты
Улуттук энергохолдинг жылуулук берүүгө даяр экенин айтты
16 Тогуздун айы 2018 11:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.10.2018.Govori.TV.
Улуттук энергохолдинг Бишкек шаарынын ЖЭБи жана “Бишкекжылуулуктармагы” ААК техникалык жактан жылуулук сезонуна даяр экендигин, аба ырайынын шарттары чукул өзгөргөн учурда үч күндүн ичинде энергосистема жылуулук бере баштай тургандыгын билдирди.
Бишкек шаарынын мэриясы берген акыркы маалыматтарга караганда, эгер борбордо абанын температурасы көтөрүлбөсө, мэриянын ыкчам штабынын күз-кыш мезгили боюнча отуруму эртен, 17-октябрда өткөрүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы гидрометеорология агенттигинин божомолуна ылайык, октябрь айында республика боюнча орточо 5тен 14 градуска чейинки абанын температурасы күтүлүүдө. Айдын ичинде температура 1 градус суукка чейин түшүшү мүмкүн.