Бишкек. 16.01.2018. Govori.TV
Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу орус тилинин расмий статусун алып салуунун пайдасына караганда зыяны көп экенине токтолду.
“Орус тилинин расмий статусун айтып коюш керек дейт. Менин оюмча анын пайдасына караганда зыяны көп болуп калышы мүмкүн. Себеби, россияда биздин миңдеген жарандарыбызга колдоо көрсөтүлүп келет. Анын бир себеби кыргызстанда орус тилинин расмий макамы сакталып келгендигинде”,-дейт Алтынбек Жунус уулу.
Кошумчалай кетсек, коомдук саясий-күчтөрдүн өкүлдөрү Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча илимий практикалык конференция өткөрүп, анда ал боюнча референдум өткөрүү сунушундагы суроолордо, орус тилинин официалдуу тил макамын алып салуу каралган.
Референдум өткөрүү сунушу 7 суроодон турат:
1. Кыргыз республикасынын конституциясынын жаңыланышын колдойсуңбу?
2. Мамлекеттик башкаруунун кайсы формасын (түрүн) колдойсуң?
3.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары кандай шайлоо системасын колдойсуң?
4.Кыргызстандын эли тарабынан шайланган Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдарынын аткарган ар жылдык иштери Элдик Курултайларда (Элдик бийлик) каралышын жана саясий-коомдук баа берилишин каалайсыңбы?
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларын: Мэрлерди жана айыл өкмөт башчыларын тийиштүү жергиликтүү администрациялык-аймактык бирдиктерин (шаарлар, айыл аймактары) эли тарабынан түздөн-түз шайланышын колдойсуңбу?
6. Облустар жоюлуп, райондор менен айыл-аймактары ириленишин колдойсуңбу?
7. Кыргыз Республикасында расмий тил институтунун жоюлушун колдойсуңбу?