• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Алтынчы президент ант берди (сүрөт, видео)

28 Үчтүн айы 202111:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун кызматка киришүү аземи башталып, Жапаров ант берди.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова Садыр Жапаровго президенттин күбөлүгүн, штандарт жана төш белгини тапшырды.

Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүүдө.

Ант берүү аземинин алдында Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залына Конституцияны, КРдин штандартын жана президенттин төш белгисин алып киришти.

Иш-чарага катардагы жарандардан, коомдук. саясий ишмерлерден, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, ата мекендик жана чет элдик алдыңкы маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун конок чакырылган.

Жапаровдун кызматка киришүү аземи санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулуп, журналисттер чакырылган эмес.

Азем КТРК аркылуу түз берилүүдө.

Количество просмотров: 486