• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

“Альянс” фракциясынын жаңы лидери шайланды

1 Жалган куран 2022 17:33 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги “Альянс” парламенттик фракциясынын жаңы лидери тандалды. Бул тууралуу партиядан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, “Альянс” фракциясынын лидери болуп депутат Жанар Акаев шайланды.

Ал эми ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Чыңгиз Айдарбековдун талапкерлиги сунушталды.

Эске салсак, 24-февралда “Альянс” парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Сулаймановдун ордуна Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңешке депутат болуп келди. Ага төш белги менен күбөлүктү Борбордук шайлоо комиссиясы 26-февралда тапшырган.

Количество просмотров: 1654