Алып баруучу Нурзат Токтосунованын 84 жаштагы атасы дүйнөдөн кайтты
Алып баруучу Нурзат Токтосунованын 84 жаштагы атасы дүйнөдөн кайтты
15 Бирдин айы 201813:38 Бишкек Govori.TV
Бишкек.15.02.18.Govori.TV
Алып баруучу жана «Нур» мектебинин жетекчиси Нурзат Токтосунованын атасы Курманбай уулу Темирболот84 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул маалыматты алып баруучунун өкүл энеси Замира Молдошева Govori.TV сайтына тастыктады
«Нурзаттын атасы көптөн бери ооруп жаткан болчу. Кечээ, 14-февраль күнү кечинде Нурзат Египеттен учуп келди. Эртең Ысык-Көлдө өз айылында жерге берилет«, — деди Молдошева.
Буга чейин алып баруучу Египет жергесинде эс алып жүргөнүн интернет баракчаларына кабарлаган.
Govori.TV сайты алып баруучуга жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.