• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы өтөт

8 Аяк оона 20259:56 Бишкек Govori.TV

Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине арналган кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты – улут азаттыгы үчүн кызмат өтөгөн улуу инсандын өмүр жолун жана өрнөктүү иштерин даңазалоо, коомго үлгү тутуу менен бирге кыргыз элинин байыркы төкмөлүк өнөрүн жайылтуу жана өнүктүрүү, коомчулукту ыйман-ызаатка, нарк-насилге үндөө.

Тандоо туру — 2025-жылдын 11-сентябрында, саат 09:00до Алай райондук маданият үйү.

Финалдык айтыш — 2025-жылдын 12-сентябрында, Алай районундагы Алымбек датканын жайлоосунда.

Байге фонду- 6 000 000 сом.

Количество просмотров: 146