• Ишенби 1 Тогуздун айы 2022
  • Суббота 1 Октябрь 2022

Алымкадыр Бейшеналиев жаңы кызматка дайындалды

19 августа 2022 в 20:08 Бишкек Govori.TV

Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Алтын балалык” ден соолукту калыбына келтирүү борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Govori.TVга Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.

Белгилүү болгондой, аны дайындоо боюнча буйрукка Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков кол койгон.

Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулган.

Количество просмотров: 19849

Элдик курултай эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө боло алабы?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда