Бишкек шаарында бир күн ичинде уруксат кагазын алуу үчүн 13 миңден ашык арыз келип түштү.Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов билдирди.
«Анын ичинен 1 миң 687си жактырылды: унааларга күнү-түнү жүрүүгө – 41, күндүзгү маалга – 1 миң 92 жана жөө жүргөнгө – 554. 10 миң 521 арыз жактырылган жок. 835 арыз каралууда. Эмнеге мынча көп баш тартуу болду деген суроо болушу мүмкүн. Көп жарандар электрондук порталга документтерин киргизгенде көп каталар кетип жатат. Арыздарды 1312.tunduk.kg порталына калтырууга болот», — деди Алымкулов.