• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Алынган посттор тууралуу эл өкүлдөрүнүн пикири

27 Аяк оона 2022 16:13 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан төрт көзөмөл-өткөрмө посту Кыргызстан жана Тажикстан тараптан тең алынганын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирген.

Ал бүгүн чек ара маселесине байланыштуу тараптардын жолугушуусу өткөндүгүн жана анын жыйынтыгында жаңжалды токтотуу, анын кесепеттерин жоюу жана мындан ары жол бербөө максатында протоколго кол коюлганын баса белгиледи.

Ташиев протоколдун негизинде төмөнкү төрт пост алып салына тургандыгын айтты.

«Тамдык» (Кыргызстан) — «Бедак» (Тажикстан);
«Булак-Башы» (Кыргызстан) — «Кех» (Тажикстан);
«Катта-Туз» (Кыргызстан) — «Карачикум» (Тажикстан);
«Дача» (Кыргызстан) — «Шаршене» (Тажикстан).
«Бул чек ара посттору ар дайым жаңжалдын чыгышына себеп болот. Аталган жерлерге аскер кызматкерлери дагы, жай тургундар дагы чыкпайт. Муну менен мурдагы болуп жаткан жаңжалдын булактарын жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү», — деп баса белгиледи ал.

КР УКМ башчысы мындан сырткары, протоколдун экинчи пункту менен кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркациялоо иштерин тездетүү макулдашылганын кошумчалады.

А бирок, көп өтпөй жергиликтүү эл кол коюлган протокол тууралуу түшүндүрмө алууну көздөп, митингге чыгышкан.

Бул тууралуу эл өкүлдөрү өз ойлорун, билдиришти. Алардын айрымдары туура эле алынды деген болсо, кээ бирлери каршы эенин билдиришет.

Количество просмотров: 4218