Бишкек.12.02.2019.Govori.TV.
“Алыштын” арышы Кечээ Кожомкул атындагы спорт сарайында “Алыш” белбоо күрөшүнүн республикалык чемпионаты болуп өттү.

Аталган чемпионатта аймактардан келген ар кандай салмактагы балбандар күч сынашты.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров спикердин атынан баалуу белектерди тапшырып, балбандарга ийгилик каалады. Бул күндүн дагы бир жаңылыгы, “Алыш” белбоо күрөшүнүн республикалык вице-президенттигине ишкер Советбек Рустамбек уулу шайланды.
Жаңы жетекчи балбандарга баалуу белектерди ыйгарып, күрөштүн мындан ары дагы өнүгүп өсүшүнө салым кошо бурганын белгиледи.