Кыргызстандын эң алыскы айылы – Зардалыга интернет жеткирилди. Бул тууралуу ISOC интернет-коомунун кыргыз бөлүмүнүн долбоордук инженери Халил Ибрахим билдирди.
Маалыматка караганда, жабдыктарды орнотуу дээрлик аягына чыгып калды. Биринчи жолу жабдык 2021-жылы орнотулган, бирок кийинчерээк туура эмес колдонуудан улдам ал иштебей калган. Бул жолу өткөн жылкы кемчидиктер эске алынууда.
«Орнотууга каражат интернет-коомунун башкы кеңсесинен бөлүндү. Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 3 миң доллар керектелди”, — деп билдирген ал.
Кошумчалай кетсек, шарты катаал Зардалы айылы Баткен облусунда жайгашкан. Айылда бир башталгыч мектеп бар жана туруктуу жүзгө жакын тургун жашайт.