ЖМК боюнча мыйзам долбоору бир тараптуу болуп калды. Мындай пикирин жумушчу топтун мүчөсү, Bulak.kg сайтынын редактору Семетей Аманбеков билдирди.
“Ар бир вебсайт каттоодон өтүшү керектиги жазылган. Өзүнө жакпагандарды кайсы бир себептер менен каттабай коюуга ылайык бардык инструменттерди жазып коюшкан. Экинчиден, мамлекеттик органдардын ишин чагылдыруу үчүн аккредитацияны атайын каттоодон өткөн гана журналисттер ала алары жазылыптыр. Ушул сыңары беш-алты пунктту киргизип жатышат биз менен бир да вариантты сүйлөшүп, талкуулабай беренелерди талкуулайбыз дегендери туура эмес»,-деди Аманбеков.
Белгилей кетсек, президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун 15-майда коомдук талкууга чыгарган.