• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Аманбеков: Көз карандысыз медиаларды тарыхта болбогон кысымдын толкуну каптады

13 Кулжа 2023 15:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Кыргызстандагы сөз эркиндигине, көз карандысыз медиаларга, коммерциялык эмес уюмдарга, жарандык коомго тарыхта болбогон кысымдын толкуну каптады. Мындай пикирин бүгүн, 13-июнда Bulak.kg сайтынын редактору Семетей Аманбеков билдирди.

Аманбеков кечээ сабалган эркин журналист Ыдырыс Исаковдун окуясын мисал кылып, бийлик өкүлдөрү тарабынан реакция болбой жатканына токтолду.

«Бир катар активисттерге, укук коргоочуларга кылмыш иши козголуп, кесиптештерибиз мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылды. «ПолитКлиника» менен «Кактус Медиага» миллиондогон доолор коюлуп, соттошуп жүрүшөт. Социалдык тармактарда атайы түзүлгөн фейк фабрикалар көз карандысыз журналисттерди, жарандык активисттерди талап, аларга кибер куугунтуктарды уюштуруп жатышат. Ошондой эле түрдүү акциялар уюштурулуп, анда көз карандысыз медиаларга карата ачык коркутуулар, кастык сөздөр айтылды. Тилекке каршы кастык тилди колдонуу менен ачык коркуткандар жоопкерчиликке тартылган жок. Кечээ кесиптешибиз Ыдырыс Исаковго кол салуу болду. Бул окуядан кийин бир дагы бийлик өкүлдөрү колдоосун көрсөткөн жок. «Журналисттерди урбагыла, тийбегиле» деген сөз уккан жокпуз»,-деди Семетей Аманбеков.

Количество просмотров: 70