• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Аманбеков: Юристтер менен эксперттер жаңы ЖМК мыйзамына терс баа берди

31 Тогуздун айы 2023 14:51 Бишкек Govori.TV

Юристтер менен эксперттер жаңы ЖМК мыйзамына терс баа берди. Бул тууралуу журналист Семетей Аманбеков билдирди.

Анын айтымында, ЖМК мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси эмне үчүн жаралып жатканы белгисиз.

«Президенттин администрациясына биздин биринчи сурообуз бул мыйзамдын эмне кереги, кажети бар? Мыйзамдын концепциясын сурадык, анда орусиялык студенттердин плагияттуу бир концепцияны берип коюшту, түшүнбөй деле калдык. Мындай толук кандуу түшүндүрмө болгон жок. Бири айтты, «Конституцияга каршы келет», экинчиси, «эскирип кетти» деп… Анан, жумушчу топ түзүлдү, ага бир нече ЖМК өкүлдөрү кирди, жакшы курам менен ошол жактан иштешели деген үмүт менен бардык, тилекке каршы ал жактан да толук кандуу жумуш болгон жок. 6 ай иштедик, ошол убакытта 2 эле жолугушуу болду. Ошол убакытта биз бир нече өз сунуштарыбызды бердик, мыкты мыйзам жазалы деген пикирде, бирок бир дагы маанилүү сунушубуз өткөн жок. Президенттик администрация өз варианттарын гана берип жатты. Юристтер, эксперттер, медиа адистер, эл аралык уюмдун өкүлдөрү да бул мыйзам болбойт деп терс баа беришти. Анткени, биздин түшүнүк боюнча мыйзам биздин тармакка жардам бериши керек болчу. Журналисттерди алдыга тарткан мыйзам күткөнбүз. Азыр мыйзам жалаң эле бөгөттөө, басмырлоого ылайыкталып жазылган мыйзам болуп калды. Ошол мыйзамды кабыл алып, көз карандысыз журналисттерди түп-тамырынан жок кылсак биздин өлкөгө кандай пайдасы бар?», — деди ал.

Количество просмотров: 108