• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Аманбол Бабакулов 3 миң сом айып пул төлөй турган болду

8 Бирдин айы 201915:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.02.2019. Govori.TV.

Аманбол Бабакулов «митинг өткөрүү убагында коомдук тартипти бузгандыгы үчүн» 3 миң сом төлөйт. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарган. Бул тууралуу жарандык активист өзү билдирген.

» Сот Биринчи май райондук милициясы чыгарган 3000 сом айып төлөө бобнча чечимди күчүндо калтырды. Жана бул чечим даттанууга жатпай турганын айтышты»,- деди Бабакулов.

Эске салсак, Аманбол Бабакулов 17-январда Бишкекте өткөн антикытайлык митингдин уюштуруучуларынын бири болгон. Ала-Тоо аянтында өткөн каршылык акциясына 200-300гө чукул адам чогулган.

Митингчилер бийликтен кыргыз жарандыгын чет элдиктерге берүүгө мораторий киргизүүнү, Кытайдан алынган насыялардын чыгымдалышын текшерүүнү, андан тышкары, Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөндөрдү чыгарууну талап кылышкан.

Митинг массалык кармоолор жана акциянын катышуучуларын кууп таратуу менен аяктаган. Милиция 21 митингчини кармаган. Бир нече күндөн кийин митингдин катышуучуларынын бири улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча шектелип, эки айга камакка алынган.

Количество просмотров: 11