Бишкек. 28.01.2019. Govori.TV
Үстүбүздөгү жылдын 17-январында “Ала Тоо” аянтында өткөн митингде сүйлөгөн Гулжамила Сапаралиеванын камакка алынганына байланыштуу жарандык активист Аманкул Бабакулов кайрылуу жасады. Бул тууралуу өзү “Govori.TV” агенттигине билдирди.
Төмөндө кайрылууну өзгөртүүсүз беребиз:
Кыргыз Республикасынын президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичке
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Жумабеков Дастан Артисбековичке
Республикасынын премьер–министри Абулгазиев Мухаммедкалый Дүйшөкеевичке
Кайрылуумдун себеби дагы эле мыйзам бузуулар, кысым көрсөтүүлөр, андымай токтобой жатат. 17 январда 2019-жылы болуп өткөн митингке чыгып сүйлөгөн Сапаралиева Гулжамила эжеге жардамыныздар керек . Тез аранын ичинде иликтеп жообун берүүңүздү өтүнөм. Азыр СИЗО1 де 2 айга камак алыптыр.