• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аманкулова: Айылдагы айымдардын потенциалын көтөрсөм дейм

11 Бештин айы 202210:52 Бишкек Govori.TV

9-10-11-декабрь күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында сегизинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири 47 жаштагы Аида Амакулова. Ысык-Көл облусунун Түп районунан катышууда.

«Мектепте мугалим болуп иштейм, жергиликтүү кеңештин депутатымын. Эл өкүлү болгондон бери айылыбыздагы көйгөйлөрдү чечүүнүн артынан чуркап жүрөбүз. Мисалы, мектеп, бала бакча, спорт зал куруп, жаңылап алсак деген максатты ишке ашырууга аракет кылып жатам. Бул тренингге келгенимдин себеби аймактардагы айрымдардын потенциалын арттыруу багытында иш алып барууга тажырыйба топтоо»,-деди ал.

Количество просмотров: 118