• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Америка «Милтон» аттуу катуу бороонду күтүп жатат

9 Тогуздун айы 202414:31 Бишкек Govori.TV


Американын Флорида штатынын жашоочулары өтө чоң коркунучта калышты. Штаттын губернатору Рон Десантис «Милтон» бороону жакындап келе жатканына байланыштуу элди дароо эвакуацияланууга чакырды.

The New York Times мындай эвакуация тууралуу кабар 5,5 млн. адамга жиберилгенин билдирди. Буга чейин мындай ири элди көчүрүү болгон эмес.

АКШ президенти Жо Байден да бул катуу бороонго каршы туруучу бардык чаралар менен макул болуп, ушу тапта АКШ Улуттук гвардиясынын 8 миң мүчөсү бороондун кесепеттери менен алышууга даяр турат.

«Милтон» 2005-жылдан берки эң чоң бороон. 9-октябрда ал Тампа кысыгын каптай турганы айтылууда, ал жерде 3,3 млн. адам жашайт.

Ушундай табигый кырсык жакындап келе жаткандыгына байланыштуу 1,5 миң учуучу рейстер токтотулду.

Катуу бороонго мындай даярдануу жөн жерден чыккан жок, бир жума мурда ушул штатта болгон «Хелен» аттуу бороондо 277 адам курман болгон. Ошон үчүн «Милтонго» даярдык катуу болууда.

Мунун айынан Жо Байден да Германияга боло турган сапарын токтотуп, бороонго даярдыкты көзөмөлдөй баштады.

Количество просмотров: 549