АКШда кыргызстандык үй-бүлө киши колдуу болгон.
Маалыматка ылайык, 45 жаштагы М.А., анын 48 жаштагы аялы А.Б. жана жубайлардын М.А. аттуу алты жашар баласынын сөөгү табылган.
Учурда тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүрүп жатат, окуянын чоо-жайы ачыктала электиги белгиленди.
Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу маалымат түшкөн учурдан тартып укук коргоо органдары жана каза болгондордун туугандары менен туруктуу байланышта. Ошол эле учурда сөөктөрдү мекенине жеткирүүгө байланыштуу бардык маселелер иштелип чыгууда.
Социалдык тармактардагы маалыматка ылайык, үй-бүлө Кошмо Штаттарына 2012-жылы барып, логистика тармагында эмгектенип келишкен. 2019-жылы алардын уулу төрөлгөн.