• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдө унаа сүзүп кеткен беш адам каза болду. Айдоочу кармалды

15 Бугу 20269:39 Бишкек Govori.TV

Кашка-Суу айылында жол кырсыгынан беш адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 14-майда кечке маал Бишкек-Кашка-Суу жолунда Honda Torneo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта беш адамды сүзүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен беш адам мүрт кеткен. Алардын төртөө 14, 6, 4 жана 2 жаштагы балдар.

Кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, унаанын 22 жаштагы айдоочусу камакка алынды.

Количество просмотров: 148