• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Америкалык белгилүү ырчы Тина Тёрнер каза болду

25 Бугу 2023 9:27 Бишкек Govori.TV

Америкалык белгилүү ырчы Тина Тёрнер 83 жашында Швейцарияда каза болду. Бул тууралуу анын өкүлү Sky News телеканалына билдирди.

«Рок-н-ролл ханышасы» деп таанылган Тёрнер 1960-1980-жылдардагы эң популярдуу аял ырчылардын бири болгон.

Ал 1939-жылы АКШда төрөлгөн. Туулгандагы аты-жөнү Анна Мэй Буллок. Сахнадагы ийгилик ага 1960-жылдардын башында келген. Сегиз жолу «Грэмми» сыйлыгын алган. Андан тышкары, эки American Music Awards, MTV Video Music Awards жана көптөгөн башка сыйлыктары бар.

Акыркы жылдары Швейцарияда жашаган ырчынын саламаттыгы начар болуп келгени кабарланган.

Количество просмотров: 109