• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Американын 47-президенти Дональд Трамп кызматка качан киришет?

6 Жетинин айы 202421:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 6-ноябрда кечке маал Американын Республикалык партиясынын лидери Дональд Трамп 277 добушка ээ болуп, Америка Кошмо Штаттарынын 47-президенти болуп шайланды. Ал эми анын атаандашы Демократиялык партиянын атынан чыккан Камала Харрис болгону 224 добуш алган.

Ошентип, Америкада көптөн күтүлгөн шайлоо аягына чыкты. Дүйнөлүк лидерлер Трампты жеңиши менен куттуктап жатышат. Эми мындан ары дүйнөлүк аренада саясат кандай өзгөрө тургандыгына ар кандай божомолдор жасалууда.

Американын мыйзамы боюнча, 17-декабрда шайлоого добуш бергендердин коллегиясы президенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялашат. Ал эми 2025-жылдын баш жагында Конгрессте алардын чечими бекитилет.

Ошондон кийин 20-январда жаңы президенттин инаугурациясы болуп, Трамп ант берет. Бул иштер Трамп үчүн жаңылык эмес, ал 2017-жылы да алгач президент болуп шайланганда ушул жолду басып өткөн.

Ага чейин Жо Байден АКШ президентинин милдетин аткара берет. Бул тууралуу дүйнөлүк басма сөздө жазылууда.

Количество просмотров: 531