Америкада жакында эле болгон шайлоодо чоң үстөмдүк менен кайрадан президент болуп шайланган республикачыл Дональд Трамп менен азыр иштеп жаткан президент демократ Жо Байден жолугушканын бардык ЖМК жазып жатышат.
Экөө жакынкы аралыкта президенттик бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү тууралуу сүйлөшкөн.
«Жаңы шайланган жана мурдагы президент Дональд мырза, куттуктайм! Биз колдон келишинче сизге керектүү бардык нерселер болгудай кылып, бийликти жумшак өткөрүп беребиз. Биз бүгүн ушуга байланыштуу айрым маселелерди сүйлөшүп алганыбыз оң болот. Кош келиңиз, кайтып келишиңиз менен», — деп Байден Трампты тосуп алган.
Америкада президенттик шайлоо 5-ноябрда өттү. Анда Дональд Трамп керек болгон 270 добуштун ордуна 312 добуш алган, ал эми анын атаандашы Камала Харрис болгону 226 добушка ээ болгон.
Американын жаңы шайланган президенти Трамптын инаугурациясы 2025-жылдын 20-январында өтөт.