Америкалык кыздарды суктандырган кыргыз калпагы (видео)
29 Тогуздун айы 201811:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 29.10.2018. Govori.TV
Солто Эсенгулов аттуу бийчи мекендешибиз Америкада жана Кыргызстанда кыргыз калпагын кийип эксперимент жүргүзүп көргөн.
Мында кыргыз жигити көчөгө ак калпак кийип чыгып, америкалык жана кыргыз кыздары менен таанышып көрүүнү чечкен.
Жыйынтыгында тасмадан америкалык кыздар калпакка суктанышып жана өз номерлерин беришкендигин көрүүгө болот.
Ал эми кыргыз кыздары таанышпай терс бурулуп, «калпакты чеччи, биринчи»,-деп айткандары тасмага түшүп калган.
https://www.facebook.com/Solto.esengulov/videos/1926295307446166/
Эске салсак, буга чейин бийчи Солто Эсенгулов, Лос-Анджелес шаарынан ак калпак кийип, достору менен “Кара жорго” бийин бийлеген видеосу көпчүлүктүн көңүлүн бурган.
https://www.facebook.com/Solto.esengulov/videos/1583969025012131/
Подписаться:
Количество просмотров: 25