• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Amnesty International уюмунун башчысы Навальныйга дарыгер киргизүүнү талап кылды

6 Чын куран 2021 18:59 Бишкек Govori.TV

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюмунун башкы катчысы Аньес Калламар Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып, камактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга өзү ишенген дарыгерди киргизүүнү талап кылды.

Бул тууралуу укук коргоочу «Твиттердеги» баракчасына жазды.

Калламар өз билдирүүсүндө Навальный негизсиз камакка алынганын, анын саламаттыгы начарлап жатканын белгиледи. Ал Орусия бийлигинин мындай аракети Навальныйды «жай өлүмгө» кептеши мүмкүн деп эсептейт.

«Алексей Навальный «Новичок» заты менен ууландырылгандан кийин тирүү калган аз кишилердин бири. Анын ден соолугу өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Бирок тескерисинче, оппозициячыга уктоого мүмкүндүк бербей жатышат, бул кыйноо болуп эсептелет», — деди Калламар.

Күн мурун Владимир облусунун Покров шаарындагы абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Алексей Навальный жакында аны менен бир камерада отурган үчүнчү адам кургак учук илдети менен ооруп, сыртка дарыланууга жиберилгенин билдирген. Анын жакындары түрмөдөгү дарыгерлердин соңку текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча саясатчыда «катуу жөтөл» аныкталып, дене табы 38ге чейин көтөрүлүп, денесин улам калтырак басып жатканын жазышкан.

Дүйшөмбү күнү кечинде Навальныйдын штабы Жазаларды аткаруу боюнча федералдык кызматка шилтеме кылып, «курч респиратордук оорунун белгилеринен улам» саясатчы түрмөнүн ооруканасына которулганын кабарлады. Ошол эле маалда Навальный 31-мартта жарыялаган ачкачылык акциясын улантууда. Анын адвокаты Ольга Михайлованын айтымында, Навальный абакка киргизилгенден бери 13 килограммга арыктады.

44 жаштагы Алексей Навальный Москвадан 100 чакырымдай алыс №2 түзөтүү колониясында жаза мөөнөтүн өтөп отурат. Орусиянын полициясы аны быйыл январь айында Берлин шаарынан кайтып келе жатканда аэропорттон камакка алган. Алексей Навальный былтыр жайында Омскиде ууландырылып, Германиядан дарыланган. Ал аны ууландырууга Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматын айыптаган.

2-февралда Москвадагы Симонов райондук соту Алексей Навальныйды 2013-жылдагы кылмыш иши боюнча айыптуу деп таап, мурдагы шарттуу жазаны абакка алмаштырган.

Количество просмотров: 76