• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ангела Меркелдин апасы дүйнө салды

15 Чын куран 2019 12:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.04.2019.Govori.TV.

Германия өлкөсүнүн башчысы Ангела Меркелдин апасы Херлинда Каснер (Herlind Kasner) 90 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул маалыматты жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Аталган кабарды Германиянын канцлери Ангела Меркель өзү тастыктаган.

Кошумчалай кетсек, апасы Герлинда 8-июлда,1928-жылы Польшанын Гданьск шаарында жарык дүйнөгө келип, мугалимдик кесипти аркалаган.

Эскерте кетсек, КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков Германияга иш сапары менен 14-апрель күнү жөнөп кеткен.

Количество просмотров: 18