• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жардам керек. Анкарада кыргыз жараны бир жумадан бери комада

11 Аяк оона 2018 11:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек.11.09.2018.Govori.TV.
Анкара шаарында «Нумуне» ооруканасынын реанимация бөлүмүндө Ажымалиева Жыпариза аттуу  кыргыз жараны бир жумадан бери эсине келбей комада жатканын фейсбук социалдык түйүндүн колдонуучусу Назгуль Мамытова жазып чыккан.
Анда: «Мекендешибиз Ажымалиева Жыпариза эже бир жумадан бери эсине келбей комада жатат. Оорукананын врачтары күнүнө 400 АКШ долларын төлөйсүңөр деп жатышыптыр. Жыпар эженин ал жакта эч кимиси жок, кызы бул жактан учуп барайын десе билет баасы 30 миң сом экен. Барган күндө деле бере турчу акчасы жок. Кандай кылсак болот, кандай жардам бере алабыз? Жыпариза эже өзү журналист. Кыргыз радиосунда, гезиттерде иштеп калган. Турцияга иштегени кеткенине 3 айдын жүзү болуптур»,- деп билдирген.

https://www.facebook.com/kyrchyn/posts/1890635591028245

 

 

Количество просмотров: 24