• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Ансыз деле ишиңерди аткара албай жатасыңар». Депутат Маданият министрлигин сындады

7 Тогуздун айы 202415:31 Бишкек Govori.TV

Депутат Аида Исатбек кызы интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун кароо учурунда кемсинтүүчү сөздөрдүн тизмесин аныктоону сунуштады.

Депутат ошондой эле айып салуучу орган катары Маданият министрлиги болуп жатканын сынга алды.

Исатбек кызы аталган министрликти өзүнүн түздөн түз жоопкерчиликтерин так аткарууну сунуштады.

Эске салсак, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта, сайттын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткан адамдарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салуу сунушун берген.

«Укук бузуулар жөнүндө” кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоор 27-августта коомдук талкууга коюлган.

Мыйзам долбоору кабыл алынса аны аткаруу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлөт жана кайсы бир адамдын арызы боюнча айып пул салуу же салбоону министрлик чечет. 

Количество просмотров: 227