Бүгүн, 28-январда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун инаугурациясы өтөт. Ага экс-президент Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков жана жаңы шайланган президент Жапаровдун үй-бүлөөсү.
Ант берүү аземи аяктагандан кийин Жапаров кызматына расмий киришет.
Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, филармонияда ант берүү аземи болжол менен 30-40 мүнөткө созулушу ыктымал. Иш-чара 11:00дө башталат.
Аземге катардагы жарандар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана интеллигенция өкүлдөрүнөн, жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган 1000ден ашык мейман чакырылган.