• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Ант берүү аземи: Жапаров өз сөзүндө Орусия, Өзбекстан жана Казакстанга ыраазылык билдирди

28 Үчтүн айы 202111:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров ант берип, расмий түрдө президенттик кызматына киришти.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова Садыр Жапаровго президенттин күбөлүгүн, штандарт жана төш белгини тапшырды.

Андан соң президент өз сөзүн сүйлөп, жалпы элине кайрылуу жасады. Анда ал пандемия маалында көмөк көрсөткөн коңшу өлкөлөргө ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров адам укугун сактоого, маданият тармагын мамлекеттин камкордугуна бөлөөгө убада берди. Орусияга, коңшу мамлекеттер Өзбекстан менен Казакстанга ыраазылык билдирип, булар стратегиялык өнөктөштөр экенин белгиледи. Кытай менен жакшы алакада болуу керектигин, АКШ, Европа өлкөлөрү менен кызматташуу уланарын, Кыргызстан көп векторлуу саясатты улантарын белгиледи.

Иш-чарага катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, ата мекендик жана чет элдик алдыңкы маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун конок чакырылган.

Эске салсак, Кыргызстанда былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясы жапырт тополоңго айланып, эл күч менен бийликти алмаштырган. Анда 10 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду тарапкерлери абактан чыгарган.

10-январда өткөн шайлоодо Жапаров шайлоого катышкандардын 80% чукулунун добушун алып, президенттикке шайланган.

Количество просмотров: 201