• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Антонина менен Валентина Шевченконун апасы да алтын медаль тагынды

23 Жетинин айы 2020 11:57 Бишкек Govori.TV

Мушкер эже-сиңдилер Антонина менен Валентина Шевченконун апасы да алтын медаль тагынды.

Маалым болгондой, Елена Шевченко IFMA тай боксу боюнча дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болгон. Турнир онлайн режиминде өтүп, кыргызстандык Е.Шевченко 40 жаштан жогорку курактагылар арасында күч сынашты. Ал 3 раундда техникаларды көрсөткөн.

Елена Шевченконун жалгыз атаандашы америкалык Паскаль Фернандес болуп, алар дароо финалга чыккан. Жыйынтыгында Шевченко 30-27 эсеби менен жеңишке жетишип, дүйнө чемпиону болду.

Булак: Баракелде.

Количество просмотров: 150