Бишкек.25.02.2018.Govori.TV.
Кыргыздан чыккан мушкер Антонина Шевченконун кийинки атаандашы белгилүү болду. Бул тууралуу маалымат UFCнин расмий сайтында жарыяланган.
Маалыматка ылайык, Антонина Шевченко UFC’нин алкагындагы 2-беттешин Орусиянын Санкт-Петербург шаарында боло турган мелдеште өткөрөт. Мелдеш «UFC on ESPN+ 7» деп аталып, 20-апрелде орун алат. Антонина Шевченконун атаандашы 36 жаштагы Роксанна Модаффери болот. Ал 37 беттеш өткөрүп, анын ичинен 22 беттеште жеңишке жетип, 15 беттеште жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми, Шевченко 7 беттеш өткөрүп бардыгында жеңишке жеткен.