• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Антошкадагы» жарылуудан жабыркагандардын азыркы абалы айтылды

18 Жетинин айы 201911:38 Бишкек Govori.TV

«Антошка» тез татым жайындагы жарылуудан кийин жаракат алган 4 жабырлануучу Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда дарылануусун улантууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин ьасма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, бейтаптар күйүк бөлүмүндө жатышат. Алардын абалы туруктуу.

Эске салсак, 8-ноябрда Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварында жайгашкан тез тамактануучу жайда жарылуу болгон. Анда 13 адам ар кандай жаракат алып, кафенин бир кызматкери каза болду.

Мэрия кафедеги жарылуудан кийин тез тамактануучу жайлардын баарын текшерип чыгууну чечкен.

Количество просмотров: 106