• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

«Антошкадагы» жарылуудан жабыркагандардын экөөсүнүн абалы оор

11 Жетинин айы 2019 10:05 Бишкек Govori.TV

Чүй проспектиси менен Эркиндик  бульварынын кесилишинде жайгашкан тез татымдагы жарылууда жабыркагандардын жетөөсү Бишкектеги №4 травматологиялык ооруканасында. Бул тууралуу Govori.TVга Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ооруканада калгандардын экөөсүнүн абалы туруктуу оор бойдон калууда. Ал эми калгандарынын абалы туруктуу. Алардын арасында бир кичинекей бала бар.

«Учурда жабыркагандар Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда, дарыгерлердин көзөмөлүндө», — деп кошумчалады маалымат катчы.

Эске салсак, 8-ноябрда «Ала-Тоо» кинотеатрынын маңдайындагы «Антошка» аталышындагы тез татым жайында жарылуу болгон. Кырсыктан 14 киши жабыркап, 21 жаштагы кыз (ошол жердин кызматкери) көз жумган. Бишкек милициясынын билдиргенине караганда, каргашалуу окуяга газ баллондун жарылышы себеп болгон.

Количество просмотров: 77